Кайрат Примбердиев Россияны кыдырып концерт берет
Новость

Таланттуу ырчы Кайрат Примбердиев  “Голос” сынагындагы сахналаштары менен Россиянын шаарларын кыдырат.

Бешинчи сезондун жеңүүчүсү Дарья Антонюк менен финалисттер Александр Панайотов, Сардор Милано жана Кайрат Примбердиевди долбоордун дагы бир катышуучусу Михаил Житов коштоп жүрөт.          

"Голос" долбоорунун жылдыздары сапарын Тверь, Томск, Новосибирск, Омск, Челябинск, Екатеринбург, Пермь, Уфа, Казань жана Нижний Новгород шаарларынан башташат.

Эскерте кетсек, мекендешибиз 2016-жылдын сентябрь айынан тарта Россиянын Биринчи каналындагы "Голос" долбооруна катышып келген. Жыйынтыгында Кайрат мырза  3-орунду ээлеген.