Авиакырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 30дан ашты
Новость

“Манас” аэропортуна жакын жерде болгон авиакырсыкта мерт кеткендердин саны  30дан ашты. 23 турак-жай зыян тартты. 

Курмандыктардын саны мындан дагы көп болушу ыктымал экени айтылууда. POST1RIGHT

Ошондой эле учактын учкучу да өлдү. Учурда дарыгерлер жеринде жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө. 

Канча адам жабыркаганы толук тактала элек. Маалыматтарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматтары жарыялап жатышат.

Эскерте кетсек, бүгүн болжол менен таңкы саат 07:20ларда  жүк ташуучу Боинг - 747 учагы аэропорттун конуучу аянтына жетпей кулаган. Учак «Түрк авиалиниясына» таандык. 


Сүрөт: sputnik.kg