Бообек Ажикеев: "Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мыйзамсыз кызматка орношууга жана коррупцияга жол берилбейт"
Новость

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып УКМК тарабынан кармалган кызматкери тууралуу комментарий берди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин расмий билдирүүсү: 

"Урматтуу мекендештер,

Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин бири кармалганы тууралуу маалымат коомчулукка тарады. Мындай көрүнүш министрлик үчүн өкүнүчтүү жат көрүнүш.

Тилекке каршы беш кол тең эмес. Министр катары белгилеп кетким келет, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кадрдык тандоо толугу менен ачык жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Ар бир жаран эгерде билими, тажрыйбасы жана кесиби талаптарга шайкеш келсе ӨКМге ачык эле келип, ишке орношо алат. Биз муну дайыма айтып келебиз жана мындан ары да ушул принциптерди карманабыз.

ӨКМде мыйзамсыз жол менен кызматка орношууга, ортомчулукка жана коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт. Мындай учурлар жалпы мекеменин аброюна шек келтирбеши керек. Биздин катарда миңдеген ак ниет, ишине берилген, эл үчүн күнү-түнү кызмат кылган куткаруучулар эмгектенип жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мыйзам үстөмдүгүн толугу менен колдойт жана бардык зарыл болгон жардамды тиешелүү тергөө органдарына көрсөтүүгө даяр."

Бүгүн УКМК тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы кызматкери кармалган.

Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, мыйзамсыз материалдык баюу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым бөлүктөрүнө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган. 

Ошондой эле, бөлүм башчы жарандан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, бирок аткарган эмес. Буга байланыштуу мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген.

Бул факты боюнча ӨКМдин кызматкери 5-августта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылып, бул кылмышты жасоого башка адамдардын дагы катыштыгы аныкталууда.

УКМК мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияга каршы максаттуу иштерди улантып жана коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө өлкөнүн мыйзамдары катаалдаштырылганын эскертет.