"Ишке орноштуруу" үчүн пара: ӨКМ бөлүм башчысы камакка алынды
Новость

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, мыйзамсыз материалдык баюу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым бөлүктөрүнө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган. 

Ошондой эле, бөлүм башчы жарандан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, бирок аткарган эмес. Буга байланыштуу мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген.

Бул факты боюнча ӨКМдин кызматкери 5-августта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылып, бул кылмышты жасоого башка адамдардын дагы катыштыгы аныкталууда.

УКМК мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияга каршы максаттуу иштерди улантып жана коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө өлкөнүн мыйзамдары катаалдаштырылганын эскертет.