Жарандык коргонуу комиссиясынын алдын ала берген маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунда катталган жер титирөөнүн кесепеттерин иликтөө боюнча жарака кеткен турак жай жана социалдык мекемелердин саны 14кө жетти.
Маалыматка караганда, Майлуу-Суу шаарында 1 социалдык объект, Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагында 2 социалдык объект, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүндө 8 турак жай жана 3 социалдык объектинин дубалдарында жаракалар пайда болгон.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Б.Ажикееевдин тапшырмасы менен жер-жерлерде Жарандык коргонуу кызматтары жана штаб тактоо жумуштарын улантууда. Мындан сырткары ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери менен биргеликте жер көчкү жүрүүсү мүмкүн болгон аймактар көзөмөлгө алынууда.
Кечээ, 5-августта облус аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган, силкинүүнүн очогу Майлуу-Суу шаарында 4,5 балл, Базар-Коргон районунун айрым айыл өкмөтөрүндө 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.