Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билим берүү тармагындагы коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана алдын алуу максатында жүргүзүп жаткан иш-чаралардын алкагында Баткен мамлекеттик университетинде олуттуу мыйзам бузуу учурларын аныктады.
Атайын териштирүүлөрдүн жыйынтыгында Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемеси жана ага караштуу бир катар түзүмдөрдө студенттердин кабыл алуу жана окуу эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Натыйжада, жалпысынан 2170 студент окуудан чыгарылды.
Тактап айтканда:
- Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинен — 570 студент;
- Кызыл-Кыя шаарындагы “М.М.Тайиров” атындагы гуманитардык-педагогикалык институтунан — 801 студент;
- Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунан — 380 студент;
- “А.А.Машрабов” атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунан — 171 студент;
- БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледжден — 234 студент;
- Педагогика жана коммуникация колледжинен — 14 студент.
УКМКнын маалыматына ылайык, мындай чечим жогорку жана адистештирилген окуу жайлардагы кабыл алуу эрежелерин сактоого мындан ары да олуттуу көңүл бурууга түрткү берет. Мекеме коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иштерди уланта турганын билдирди.