7 миң чакырымдык жол: Дурусбек Эверестке карай велосипед менен бет алды
Новость Дурусбек Эрнусбек уулу

24-июлда Кара-Кулжа районунун тургуну Дурусбек Эрнусбек уулу Бишкек шаарынан велосипед менен Эверест чокусунун базалык лагерине багыт алган чоң саякатын баштаган. Бул тууралуу редакциябызга Эрнусбек уулу өзү кабарлады.

Анын айтымында, бүгүн жолдо жүргөнүнө 12 күн болду. Учурда ал Тажикстандын борбору Душанбе шаарында эс алууда. Ал бул жерде эки күн болууну пландап, андан ары Афганистан, Пакистан жана Индия аркылуу өтүп, Непалга жетүүнү көздөп жатат.

“Бул өлкөлөрдү болжол менен үч айда басып өтөм деген ниетим бар. Жалпысы 7 миң чакырым аралык болот. Азыр миң чакырымдан ашты. Буйруса, деңиз деңгээлинен 5364 метр бийиктикте жайгашкан Эвересттин базалык лагерине чейин барам”, — дейт саякатчы.

Бул анын алгачкы чоң сапары эмес. Ал Бишкектен Нарын аркылуу Ошко чейин 780 чакырымды 7 күндө велосипед менен басып өткөн. Мындан тышкары, Бишкектеги Альпиниадага катышып, Комсомолец чокусуна чыгып, альпинист белгисин алган.

Видео телеграмда