Бишкек шаарынын Свердлов районунун «Нижняя Ала-Арча» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары ири өлчөмдө пара талап кылган деген айып менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз ккызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жаран күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу пункттарын, ошондой эле акчалай компенсация үчүн мыйзамсыз ижарага алган муниципалдык жер тилкелерин өз коргоосуна алып, аталган иш менен системалуу түрдө алектенген.
Ага карата 4-августта кылмыш иши козголуп, өзүнүн иш бөлмөсүнөн 2300 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларды, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Видеосу телеграмда