Ташиевге "Таза иштейбиз" деген жетекчинин инспектору пара менен кармалды
Новость УКМК

9-июлда Ош шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик башчылары менен жыйын өткөргөн. Жыйында УКМК төрагасы Эсеп палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Азим Кожомуратовдон кол алдындагылардын коррупциялык иштерге тиешеси барбы же жокпу деген суроо узаткан. Кожомуратов өз кезегинде инспекторлору таза иштээрин ишенимдүү билдирген.

Бүгүн, 5-августта, Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору жана анын ортомчусу 700 миң сом өлчөмүндөгү пара менен кармалганын УКМК расмий түрдө маалымдады.

Маалыматка ылайык, инспектор Тогуз-Торо районундагы айыл өкмөттөрдүн биринде текшерүү учурунда майда каржылык мыйзам бузууларды аныктап, аларды жашыруу үчүн башкы эсепчиден 700 миң сом талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.

Окуядан кийин Азим Кожомуратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы кабарланды.


Видео телеграмда