Аялдама жок жерден токтобой койгону үчүн эки аял айдоочуга кол көтөрүшкөн
Новость

2-августта түштө Бишкек шаарында коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү менен айдоочунун ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришти.

Айдоочунун айтымында, эки аял «Дордой Моторс» базарынын аймагында аялдама жок жерден токтотуп коюну суранган. Айдоочу ал жерден токтоого болбостугун жана аялдамадан токтоорун түшүндүргөн. Бирок, эки аял айдоочуга кол салып, жулмалашкан.

Видеодо бир аял айдоочуну сумка менен урганы, андан кийин экинчиси ага кол көтөргөнү көрүнүп турат.

Айдоочу өзү видеого түшүндүрмө берип жатып, жарандарды белгиленген эрежелерди сактоого жана бири-бирин сыйлоого чакырды.

Азыркы тапта эки аялдын үстүнөн Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазылып, алар изделип жатат