Долбоорлор менен өзгөрүүнү жаратуу: Жаш активисттин тажрыйбасы
Новость

Оксана, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Азыр кайсы окуу жайда окуйсуз?

Саламатсызбы. Менин атым Оксана Оморкулова. Мен ушул жылы К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин ийгиликтүү аяктадым. 2024-жылдын күзүндө «С5+1» Жаштар Кеңешине мүчө болуп кошулгам.

«C5+1» Жаштар кеңеши долбоору Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул кеңеш — Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстандагы жогорку окуу жайлардын студенттеринентүзүлгөн ар түрдүү жана көп маданияттуу топ.

Кеңештин алкагында биз АКШ элчилигинин гранты менен өз долбоорлорубузду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мен адам сатуу жана мыйзамсыз миграция темалары боюнча активдүү иш алып баргандыктан, дал ушул темада долбоор жазууну чечтим.

IMG_7603.JPG 211.73 KB
Проекттин максаттары тууралуу айтып берсеңиз.

Биздин долбоор “Адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү” деп аталып, 2025-жылдын 25–27-июнунда Ош шаарында өткөрүлдү.

Долбоордун башкы максаты — адам эксплуатациясы жана мыйзамсыз миграция фактыларын азайтуу үчүн Борбор Азиядан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 20 жаш адамдарга маалымат берип, алардын бул жааттагы түшүнүгүн жогорулатуу болду.

Форумга Кыргызстандын (Ош, Баткен, Жалал-Абад) жана Өзбекстандын (Анжиян) жаш лидерлери катышып, үч күн бою тренингдерге, топтук иштерге жана командалык иш-чараларга катышты.

Форумдун негизги жыйынтыгы — Борбор Азия жаштарынын үнүн жана сунуштарын камтыган Жаштар декларациясын кабыл алуу болду.

Мындан сырткары, форумдун алкагында төмөнкү уюмдар жана өнөктөштөр менен кызматташтык:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдындагы Миграция жана адам сатууга каршы кеңеши, Өзбекстандагы Эл аралык миграция уюму (IOM), “Истикболли Авлод” уюму, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ICMPD Мигранттар үчүн ресурстук борбору, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жана “Оазис Кыргызстан” уюму.

IMG_7602.JPG 292.89 KB
Программа сиз үчүн кандай ачылыштарга жол ачты?

Программанын башында биз лидерлик академиясына катышып, долбоор жазуу, долбоорду башкаруу, жумшак көндүмдөр (soft skills) жана лидерлик темасында тренингдерден өттүк.

Мындан тышкары, ар кандай викториналар, квиздер жана лекцияларга катышуу мүмкүнчүлүгү болду.

Бул кеңеш аркылуу мен көп пайдалуу билим алдым, жаңы байланыштарды түздүм жана лидерлик жөндөмүмдү өнүктүрдүм.

Өз долбоорумду ишке ашырып жатып, чоң тажрыйба топтодум — команда менен иштешүүнү жана долбоорду толугу менен баштан аягына чейин жетектөөнү үйрөндүм.

Мен келечекте миграция чөйрөсүндө иштөөнү көздөп жатам. Ошондуктан бул программадагы тажрыйбам менин кесиптик өсүшүмө жана карьерамды курууга чоң салымын кошту. Ушул жолдо дайыма колдоо көрсөткөн «С5+1» Жаштар Кеңешинин координатору Адина Рашидовага чоң ыраазычылык билдирем.


Буга чейин кандай долбоорлорду жетектегенсиз? Канча адам катышкан?

2022–2024-жылдары мен Enactus БГУ командасынын тим-лидери болчумун, 10–15 адамды жетектегем. Бул убакытта 2 долбоор жазып, командабыз менен эки жолу жарым финалга чыктык.

2023–2024-жылдары “Эрид” аттуу текстиль калдыктарын кайра иштетүүгө багытталган экологиялык долбоорду ишке ашырып, ЮНИСЕФтен жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен грант утуп алганбыз.

Буга чейинки билимим жана тажрыйбам «С5+1» Жаштар Кеңешинде ийгиликтүү иш алып барууга себеп болду.


Программага катышкысы келген жаштарга кандай кеңеш бересиз?

Бул кеңеш жаштар үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк. Бул жерде силер жаңы адамдар менен таанышып, лидерлик жөндөмүңөрдү өнүктүрүп, пайдалуу билимдерди аласыздар. Эгерде сиз Борбор Азия же Ооганстандан студент болсоңуз, сөзсүз түрдө тапшырыңыз.

Кеңеш катышуучуларга гана эмес, алардын долбоорлору аркылуу коомго да чоң салым кошот. Биздин ар кандай долбоорлор мектеп окуучуларына, жаштарга, аялдарга жана айыл жергесиндеги жарандарга багытталган.

Сиз мектеп окуучусу же жаңы бүтүрүүчү болсоңуз дагы, биздин долбоорлорго активдүү катыша аласыз.