Баткенде 4 миңден ашык ипотекалык батирлер курулуп жатат
Новость

Баткен шаарында үч даректе ипотекалык турак жай комплекстеринин курулушу кызуу жүрүп жатат. Жалпысынан 4 миң 128 батир курулууда. Учурда курулуш иштери 40%га жакын бүткөрүлдү. Объекттерди пайдаланууга берүү 2026–2027-жылдарга пландалууда.

Маалыматка караганда, Алымбек датка жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Асман Резденс 1» турак жай комплекси мурдагы өрүк базарынын ордунда курулууда. Бул жерде көп кабаттуу үйлөрдүн биринчиси 6-кабатка чейин көтөрүлүп, жалпы иштер 60%га жакын аяктады.

Асман Резденс 1 комплексинде учурда 500дөй адам эмгектенип жатат. Бардыгы болуп 37 блок курулуп, алардын жалпы аянты 7 гектарды түзөт. Ар бири 12 кабаттуу болуп, 2364 батирге эсептелген. Алардын ичинен 1106сы — 1 бөлмөлүү, 912си — 2 бөлмөлүү, ал эми 348и — 3 бөлмөлүү батирлер болот. Ар блокто 2ден унаа токтотуучу жай жана -1 кабатта тургундардын буюмдары үчүн кладовкалар каралган. Курулуш бүткөндөн кийин аянт жашылдандырылып, балдар ойноочу аянтчалар да курулат.

Буга кошо, Сыдыков көчөсүндө 23 блок жана Абдырахманов көчөсүндө 6 блок ипотекалык турак жай комплекстеринин курулушу жүрүүдө. Бул объекттерде да 12 кабаттуу үйлөр салынууда. Курулуш процесси тыкыр көзөмөлдө болуп, материалдар өз убагында жеткирилүүдө.

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) турак жайга муктаж жарандарга социалдык, жеңилдетилген жана үлүштүк механизмдер аркылуу батир алууга мүмкүнчүлүк берип келет. Ар бир механизмдин өзүнчө пайыздык чени жана шарттары бар. Компания өкүлдөрү Баткен облусунун жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, шарттар тууралуу маалымат берип жатышат.

Үйлүү болууну каалагандар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын расмий сайтына кирип, электрондук кезекке туруусу керек. Даяр болгон батирлер эң узак 25 жылдык мөөнөткө чейин ипотекага берилет.