Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоору боюнча алкактык макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоору боюнча агенттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын институтунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Каржылоо жөнүндө макулдашууларга Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын машина-трактордук паркын жаңыртуу жана модернизациялоо максатында айыл чарба өндүрүшүнө инвестицияларды тартуу үчүн кол коюлган.
Аталган каржылоо жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын институту тарабынан 45,0 млн АКШ доллары суммасына, пайыздык ставкасы – 1,5 %, мөөнөтү – 25 жыл, анын ичинде жеңилдетилген мөөнөт – 7 жыл болгон кредит, ошондой эле 110,0 миң АКШ доллары суммасына грант берүү аркылуу Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүлөт.
Мындан тышкары Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасына комплекстүү окутуу жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөр аркылуу ислам кредиттөө принциптерин киргизүүгө жардам берүү, документтерди даярдоого көмөк көрсөтүү түрүндө потенциалды күчөтүүгө жана долбоордун ишке ашырылышын колдоого багытталган техникалык жардам көрсөтүлөт.