Социалдык келишим: Айылдыктардан чыккан алгачкы беш миллионер
Новость

Өлкөдө жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан “Социалдык контракт” программасынын алгачкы катышуучулары пайда болду. Бул тууралуу Социалдык эмгек министрлиги коллегиялык жыйында билдирди. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылдагы “Социалдык контракт” программасынын аткарылышы боюнча мониторингдин жыйынтыгын чыгарды. Быйыл социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйдү. Максат – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү активдүү катышууга шыктандыруу, алардын турмушун жакшыртуу жана чакан бизнести өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү.

2025-жылы жалпысынан 13 333 аз камсыз жана жакыр үй-бүлө жогорулатылган суммадагы жардам алууга мүмкүнчүлүк алышты. Жылдын биринчи жарымында 6 046 арыз тапшырылып, анын ичинен 2 241 үй-бүлө социалдык контрактка ээ болду. Программа жалпысынан 9 078 адамды камтыды, анын ичинде 4 508 бала жана 45 майыптыгы бар адам бар.

Долбоорлордун багыттары боюнча: 68,9% айыл чарбасына, 11,9% өндүрүшкө, 10% кызмат көрсөтүү тармагына, ал эми 9,2% соодага багытталды.

Социалдык контракттын катышуучулары үч жылдык мөөнөткө чейин бекитилген бизнес-план боюнча өз ишкердик демилгелерин өнүктүрүү үчүн 200 000 сомго чейинки пайызсыз насыя алууга мүмкүнчүлүк алышат. Учурда бул мүмкүнчүлүктөн 254 жаран пайдаланууда.

Программанын аткарылышын министрликтин кызматкерлери жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперттери биргелешип баалашты. Ийгиликтүү багыттар катары өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү белгиленди.

Эң кызыгы – алгачкы жолу жылдык кирешеси 1 млн сомду түзгөн «беш миллионер» аныкталды. Алар өз бизнесин кеңейтип, жаңы жумуш орундарын түзө алышты.