Ысык-Көлдө өтүп жаткан "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалы, руханий мурастарды сактап, жайылтууга өбөлгө болуп, ал арада маданий көп түрдүүлүктү даңазалоого шарт түзүүдө. Саамалыкка дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн 130дан ашуун салттуу музыкалык искусство ишмерлери, музыканттар, изилдөөчүлөр катышууда.
Салтуу маданиятты сактоо, руханий байлыкты жайылтууга багытталган “Рух Санат” фестивалы - тилибиз, динибиз ар башка болгону менен музыкалык тилде ажырымдык болбоорун далилдеген ири саамалык. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрөгасы Адылбек Касымалиев ачылыш аземде билдирди. Ошондой эле төрага, мында катышып жаткан өлкөлөр ортосундагы маданий көпүрөлөрдү бекемдөөчү маанилүү чыгармачыл аянтча экенин да кошумчалады. Анын айтымында, мындай фестивалды өткөрүү - доордун талабы. Дүйнө элдеринин экономикасы жана маданияты улам барган сайын жуурулушуп жаткан учурда, байыркы бабалардын добушун биздин доорго чейин жеткендей шарт түзүү керек.
Фестиваль өз ичине салттуу музыканы аткаруучулардын эл аралык конкурсу, эл аралык илимий-практикалык конгресс жана маданий тажрыйбалардын жарманкеси болуп 3 багытты камтыйт. Андыктан дүйнөнүн булуң-бурчунан аткаруучуларды, дастанчыларды, маданият ишмерлерин бириктирген саамалыкта, чыгармачыл топтор өздөрүнүн тарыхка бай таланттарын калың элге тартуулашты.
Музыкалык кечеде грузиялыктардын өзгөчө айкалышта аткарылган жандуу ырлары, боордош казак элинен келген сахна чеберлеринин түрдүү аспаптардын коштоосундагы эпикалык этно-шоу тартуулоосу, чыгыш ритмдери, ошондой эле Улуу Жибек жолунун мураска айланган обондору жаңырды. Бул албетте көрүүчүлөрдүн көңүлүн буруп, жагымдуу ыргактардын курчоосунда мыкты эс алуу тартуулап, саамалыкка күбө болгондордун ар биринин маанайынан байкалып турду.
Белгилей кетсек Дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалына дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн 130дан ашуун салттуу музыка боюнча искусство чеберлери, музыканттар, изилдөөчүлөр, продюсерлер катышууда. Фестиваль президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашууда.