Садыр Жапаров алыскы Эңилчек айылына барды
Новость

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан алыскы Эңилчек айылына барды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. 

Эңилчек айылында 35 үй-бүлө жашайт. Ал деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан. Ал жакка жол бийиктиги 3800 метр болгон ашуу аркылуу өтөт. Өлкө башчысын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев коштоп жүрдү. 

527457094_24077029505271964_4532108681162201004_n.jpg 172.72 KB
Садыр Жапаров жеринде жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Ал алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарды өнүктүрүүгө толук киришүүгө азыр гана мүмкүнчүлүк пайда болгонун белгиледи. Буга байланыштуу президент жергиликтүү тургундар үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жана жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн Транспорт министрине айылга алып баруучу сапаттуу унаа жолун куруу иштерин баштоону тапшырды. 

Жашоочулар балдары бул айылдагы мектепте 9-класска чейин гана окушарын, андан ары орто билимди Каракол шаарында аякташарын белгилешти. Мындан улам Каракол шаарында балдарын турак жай менен камсыз кылуу өтүнүчү айтылды. Садыр Жапаров бул маселени чечүүдө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын багыты боюнча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү караларына ишендирди.