Бишкектин борбордук жана батыш бөлүгүндө жылуулук берүүнүн сапаты жогорулайт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасына караштуу №3 насос станциясы курулуп жатат.
Буга чейин шаар тургундары кышкысын жылуулуктун начар берилишине нааразы болуп келген. Эми станциянын ишке кирүүсү менен 30 миңге жакын абонентти жылуулук менен камсыздоо жакшырат.