Кыргызстанда кайра иштетүү тармагында жаңы 9 ишкана ачылды
Новость

Кыргызстанда быйылкы алты ай ичинде 9 кайра иштетүү ишканасы ачылып, алардын жалпы саны 425ке жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Ошондой эле 1 соода-логистикалык борбор түзүлүп, алардын саны 40 болду. Андан тышкары, 1 мал союу пункту ишке кирип, жалпы саны 115ке жетти. Анын ичинен 56 ишкана эл аралык сапат стандарттарына киргизилди.

Мындан тышкары, өлкө боюнча алты айда жаңы 68 айыл чарба кооперативи уюшулуп, алардын жалпы саны 813тү түздү. Ошону менен катар 7 машина-трактордук станция да ачылды.