ТИМ Орусиядагы мигранттар укуктук макамын жөнгө салышы керектигин эскертти
Новость

Орусияда жүргөн Кыргызстандын жарандары миграция мыйзамдарына ылайык, 10-сентябрга чейин өзүнүн укуктук макамын алдын ала тартипке келтирүү зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрлик белгилегендей, бул талапты өз убагында аткаруу миграциялык режимди бузуу менен байланышкан терс кесепеттердин алдын алууга өбөлгө түзөт.

Жарандарга маалымат жеткирүү жана колдоо көрсөтүү максатында, консулдук кызматкерлер кыргызстандыктар жыш жашаган аймактарга барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле россиялык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасы менен тыгыз кызматташтык уланууда. Маалыматтык материалдар менен видеороликтер да расмий сайттар жана социалдык тармактар аркылуу таратылып жатат.

Бул иштерди күчөтүү үчүн Министрликтин Борбордук аппаратынан кошумча кызматкерлер Россияга жөнөтүлдү.

ТИМ кыргыз жарандарын өз макамын мыйзамдуу түрдө жана алдын ала жөнгө салууга чакырат.