Жалал-Абад облусунун Аксы районунда аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы жана эки инспектор тургундан пара талап кылып, кезектеги акчаны алып жаткан учурда УКМК тарабынан колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар буга чейин да ошол эле тургундун каттоосуз сактап жүргөн мылтыгын тартып алышкан. Андан соң кылмыш ишин койгойбуз деп, 30 миң сом опузалаган. Кийин дагы 20 миң сом сурап, ошол акчаны алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалды.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.
Ал эми тинтүү маалында милиция бөлүмүнүн башчысынын үйүнөн мурда алынган башка ок атуучу куралдар да табылган.