Ошто үч эмдүү үч үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирлер берилди
Новость

Ош шаарында дагы үч үй-бүлөнүн үч эм балдарына жаңы батир белекке берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен үч үй-бүлөнүн үч эмдерине эки бөлмөлүү батирлердин сертификаттары тапшырылды.

Алар:

  • Сатыбалдиев Саматбектин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген үч эм наристелер — Асылай, Ариет жана Азирет;

  • Кудайкулов Рустамбектин үч эм кыздары — Сабина, Самира жана Медина;

  • Маматов Медербектин үй-бүлөсүндөгү үч эм — Рабия, Разия жана Рафия.

Мэриянын маалыматына караганда, мындай жардам көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо жана турмуш шартын жакшыртуу максатында көрсөтүлүүдө. Батирлердин баары эки бөлмөлүү болуп, жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдөн берилди.