Ош шаарында прокуратура кызматкери кармалды
Новость

Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери 4 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Маалыматка караганда, бул кылмышка Ош шаардык сотунун судьясынын да тиешеси бар экени анылталды. Иш материалдарына ылайык, аталган сот паранын бир бөлүгүн алган соң өзүнүн батирине жашынып, далил затты (параны) жок кылган.

Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.