Өзгөндө волейболдук мелдештен кийин адам мыкаачылык менен сабалды
Новость

Ош облусунун Өзгөн районунун тургунун мыкаачылык менен сабоого шектелип, мурда уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар болгон эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны криминалдык элементтер тарабынан катуу токмоктолгонун айтып УКМКга кайрылган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында анын өмүрүнө коркунуч келтирген оор жаракаттары аныкталган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары мурда үч ирет соттолгон 31  жана 20 жаштагы жарандар кармалды. Шектүүлөр буга чейин “Коен” каймана аттуу Н.М. жетектеген кылмыштуу топ менен байланышы бар болгон.

Учурда шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери уланууда. Мекеме жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кылмыштуулукка каршы иштерди күчөтүп жатканын белгилеп, эгер мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу маалымат болсо, билдирип коюуну суранды.