РИА Новости кабарлагандай, 2025-жылдын 30-июлунда Камчаткада магнитудасы 8,7ге жеткен күчтүү жер титирөө катталды. Бул акыркы 70 жылдагы, тактап айтканда 1952-жылдан берки эң күчтүү зилзала катары белгиленди.
Жер титирөөнүн кесепетинен Камчаткада, Курил аралдарында, ошондой эле Аляскада, АКШнын Калифорния жана Орегон штаттарында цунами коркунучу жаралды. Биринчи цунами толкуну Түндүк Курил аймагына чейин жетип, калктуу конуштарды жана балык иштеткен ишканаларды каптады. Учурда жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат.
Мындан тышкары, бийиктиги 30 сантиметрге жеткен цунами толкуну Япониянын Хоккайдо аралына чейин жетип, Нэмуро шаарынын жээктерин да каптады.
Кырдаалга байланыштуу Япониянын Коргоо министрлиги Тынч океан жээгине истребителдерди, вертолетторду жана патрулдук учактарды жөнөттү. Алар кырдаалды иликтеп, маалымат топтоо иштерин улантууда. Япониянын Өзгөчө күчтөрүнүн негизги милдеттеринин бири — табигый кырсыктардын кесепеттерин баалоо жана жоюу болуп саналат.