Кыргызстанда 32 медициналык объект курулууда
Новость

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилигинде өткөн кезектеги жыйында саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелер каралды.

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев билдиргендей, өлкөдө дарыгерлердин жетишсиздиги, айлык акынын аздыгы, эскирген имараттар жана жабдуулардын тартыштыгы эң чоң көйгөйлөрдүн катарын түзүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянуу менен министр калктын өлүм деңгээли былтыркыга салыштырмалуу 2,3%га жогорулаганын белгиледи. Өлүм себептеринин сап башында кан айлануу оорулары, шишиктер жана жаракаттар турат.

Жыйындын жүрүшүндө министрлик 2025-2026-жылдары “Дени сак шаар, айыл аймак, айыл” программасын ишке ашыруу, дарыгерлердин айлыгын көтөрүү жана кадрларды даярдоо иштерин күчөтүү, ошондой эле “Кыргызстан – медициналык реабилитациянын мекени” концепциясын ишке киргизүү сыяктуу багыттарды белгиледи.

Жыйындын соңунда саламаттыкты сактоо системасындагы негизги көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган бир катар тапшырмалар бекитилди. Алардын ичинде медицина кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү, кадр маселесин чечүү, дары-дармек жана жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө, ошондой эле жеке менчик медициналык уюмдарга болгон талаптарды күчөтүү бар.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын алты айында өлкөнүн номиналдуу ИДПсы 711,2 млрд сомду түзүп, экономика туруктуу өсүүдө. Медицина тармагына да олуттуу каражаттар жумшалууда: быйыл 32 ири медициналык объект курулуп жатат, бул үчүн 8,6 млрд сомдон ашык акча бөлүнгөн. 2021-жылдагы 26 млрд сомдук бюджет быйыл 49 млрд сомго жеткен.

«Президенттин тапшырмасы менен 2026-жылдан тартып медицина кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу маселеси ишке ашырылат. Жалпысынан саламаттыкты сактоо системасын түп-тамырынан жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлүп жатат», – деди МинКаб Төрагасы.