Кыргызстанда турак жай жана үйдүн жанындагы жер тилкесине болгон мүлк салыгын 1-сентябрга чейин төлөө керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.
Маалыматка караганда, эми салык суммасы салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде автоматтык түрдө эсептелип көрсөтүлөт.
Эң негизги өзгөчөлүктөр:
- Салыкты эч жакка барбай эле QR-код же банк картасы аркылуу төлөөгө болот.
- Паспорт жана кыймылсыз мүлк бирдигинин коду гана талап кылынат.
- cabinet.salyk.kg сайтында керектүү маалыматтар 1-августтан тарта автоматтык көрсөтүлөт.
- Салык суммасы жергиликтүү кеңеш белгилеген бирдиктүү ставка менен эсептелет (мисалы, Бишкекте 1 чарчы метр үчүн 75 сом).
Пенсия курагына жеткен жарандар үй жанындагы жер участокторуна болгон салыкты төлөөдөн толугу менен бошотулат. Жер тилкелеринин санына карабастан бул жеңилдик бардыгына тийиштүү. Өзгөртүүлөр салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн алкагында киргизилди. Бул салык төлөө процессин жөнөкөй, түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылат.
Кыймылсыз мүлк салыгы майыптар коомунун имараттарына, ошондой эле билим берүү, илимий жана чыгармачылык ишмердикке арналган муниципалдык имараттарга жана объекттерге төлөнбөйт. Мындан тышкары, жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктер каралган.