Нарын облусунда камсыздандырылган үйлөрдүн ээлерине табигый кырсыктардын кесепетинен келтирилген чыгымдар үчүн дагы кенемте берилди. Жалпысынан жыл башынан бери 47 үйгө 2,5 миллион сомдон ашык каражат төлөнсө, бул жолу дагы эки турак жайга кенемте төлөндү.
2-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Нарын районунун Куйбышев айылындагы Дайырбек Мамытовдун үйүн суу каптап, жараксыз абалга келген. Мамытов март айында эле үйүн камсыздандырып үлгүргөндүктөн, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму чыгымына жараша 500 миң сом өлчөмүндө каражат төлөп берди.
«Үйүм жашоого жараксыз болуп калды. Убактылуу оңдоп, жаңы үй салуу үчүн кирпичтерин даярдап жатам. Камсыздандыруу чоң жардам болду, чыгымымды төлөп беришти», – дейт Мамытов.
Ал эми Жаңы-Талап айылындагы Жыпаркүл Мамбетаипованын үйүнүн чатырын эки ай мурда катуу шамал алып кеткен. Тургундун биринчи топтогу майыптыгы болгондуктан, турак жайы акысыз камсыздандырылган. Натыйжада, чатырын калыбына келтирүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө сертификат тапшырылды.
«Шамал бүт чатырды алып кеткен эле. Айыл өкмөт аркылуу керектүү документтерди чогултуп, чатырыбызды оңдоп алдык. Камсыздандыруу уюмуна ыраазычылык айтам», – деди Мамбетаипова.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын филиалынын маалыматына караганда, облус боюнча 50 миңге жакын турак жай бар болсо, анын 12 миңден ашыгы камсыздандырылган. Жыл башынан бери облус аймагында 4-5 ирет табигый кырсык катталып, 50гө жакын үй жабыркаган. Жалпы 47 үйгө 2,5 миллион сомдон ашык каражат төлөп берилген. Айыл жериндеги үйлөргө 500 миң сомго чейин, шаардагы үйлөргө 1 миллион сомго чейин кенемте төлөнөт.
Камсыздандыруунун баасы айыл жеринде жылына 600 сомду, шаар аймагында 1200 сомду түзөт.