УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынган шылуун кармалды
Новость

УКМК тарабынан Камчыбек Ташиевдин жакын туугандарынын аты-жөнүн колдонуп, алдамчылык аракеттерди жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт

Маалыматка ылайык, 25-июлда Фейсбук колдонуучусу видео кайрылуу жасап, өзүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин улуу баласы катары тааныштырып, мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп жүргөн жаранга чара көрүүнү суранган.

Кайрылуудан соң аталган жаранга карата кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда бул факт боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. Ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

УКМК Төраганын жана анын жакындарынын атын жамынып мыйзамды бузууга жол берилбесин эскертет. Мындай учурлар аныкталса, мыйзам бузгандар сөзсүз түрдө жоопко тартылат.