Ошто мектеп-гимназиясынын жетекчиси 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Оштогу Киров атындагы №4 мектеп-гимназиянын уюштуруу иштери боюнча башчысы уулун 1-класска киргизген ата-энеден 10 миң сом акча опузалаган.
24-июлда аталган акча каражатын алуу боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына жеткирилди.
Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.