Камчыбек Ташиев Кембридж университетине кабыл алынган Нурлан Ногойбаевге каржылык колдоо көрсөттү
Новость

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусунун Ат-Башы айылынын тургуну Нурлан Ногойбаевди кабыл алды. Ногойбаев Англиядагы Кембридж университетинин Технология саясаты багыты боюнча магистратурасына кабыл алынган.

Кембридж университети дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири болуп, окуу акысы жогору экени белгилүү. Нурлан Ногойбаев “Эл үмүтү” Президенттик стипендиясын утуп, каржылык колдоого ээ болгон. Бирок контракттык төлөмдүн толук суммасы жабыла элек болгондуктан, ал УКМК Төрагасына кошумча колдоо сурап кайрылган.

Генерал-полковник Камчыбек Ташиев өтүнүчтү дароо кабыл алып, Нурлан Ногойбаевге керектүү акча каражатын камсыз кылды. УКМК Төрагасы билимдүү жаштар — өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, Ногойбаевге окуусуна ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, Нурлан Ногойбаев буга чейин Франциянын Париж шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринен Жасалма интеллект боюнча магистратураны ийгиликтүү аяктаган. Учурда ал акыркы эки жарым жылдан бери Парижде авиация тармагында инженер болуп эмгектенет.