Нарын милициясы чет элдик туристтердин бейтааныш айдоочуга жаңылыштык менен берип жиберген акчасын кайтарып берди. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-июль күнү чет элдик туристтер Нарын ОИИБге арыз менен кайрылышкан. Алар Нарын шаарынан айдоочуну жалдап, Ат-Башы районундагы Таш-Рабат тарыхый комплексине барып келгенден кийин айдоочуга катачылык менен ашыкча акча төлөп жибергенин билдиришкен. Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери ыкчам аракет көрүп, айдоочуну таап, туристтердин 24 миң сом акчасын кайтарып беришкен. Чет элдик саякатчылар милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, Нарын милициясынын ишин жогору баалашкан.
Ошондой эле Нарын шаардык милициясы Бишкектик тургун унутуп кеткен 4500 долларды таап, ээсине кайтарып берди. Маалыматка караганда, 28-июль күнү саат 07:00 чамасында Нарын шаарындагы “Ред-Петролеум” май куюучу жайында белгисиз жаран автоунаасынын үстүндө акча жана документтери салынган капчыгын унутуп, айдап кетип калган. Капчыктын ичинде 4500 АКШ доллары, паспорт жана банк карталары болгон.
Капчыгын жоготкон Бишкек тургуну 112 кызматына кабар берип, окуя Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө каттоого алынган. Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери капчыкты жана документтерди таап алган адамды аныктап, баарын толугу менен ээсине кайтарып беришкен.