Туризм багытында жогорку дарамети бар Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Кажы-Сай айылында көп жылдар бою кароосуз калган эс алуу жайы кайрадан жаңыланып, иштей баштады. Бул пансионат Кыргызстан менен Өзбекстандын достук, бир туугандык жана өнөктөштүк мамилесинин алкагында толугу менен реконструкцияланып, чет өлкөлүк жана жергиликтүү туристтерди кабыл алып жатат.
Эс алуу жайы жалпы 10 гектар аянтты ээлейт. Алгачкы этапта эки кабаттуу, 200дөн ашык адамга ылайыкталган эки жатакана курулуп, жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле спорттук аянтчалар, балдар аянтчасы, бассейн жана башка шарттар да түзүлдү.
Пансионат жаңы дем менен иштеп, чет мамлекеттен келген туристтерди тарта баштады. Жылына беш миңден ашык эс алуучуну кабыл алууга даяр. Алдыда дагы бир катар курулуштарды ишке ашыруу пландалууда. Өзгөчө, 7 кабаттуу санаторий бөлүгү толук оңдолуп бүткөндө, ден соолукту чыңдоо кызматтары жыл бою туруктуу иштейт деген үмүт бар.
Муну менен бул эс алуу жана ден соолукту чыңдоо жайы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты дагы бекемдеп, эки элдин байланышын чыңдоодо маанилүү роль ойномокчу.