Борбор Азиядагы эң чоң спорт комплексинин курулушу 2026-жылдын 31-августунда, эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүп, пайдаланууга берилет. Учурда стадиондун курулушу кызуу жүрүп жатат. Жалпысынан миңге жакын куруучу эки нөөмөттө иштеп, объекттин үстүнөн тынымсыз эмгектенүүдө.
Стадион 51 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылып, ФИФАнын бардык эл аралык стандарттарына жооп берет. Спорттук комплекс 70 метр бийиктикте, диаметри 280 метрге жетип, боз үйдүн элесин берүүчү архитектуралык дизайнга ээ. Курулуштун жалпы аянты 190 миң чарчы метрди түзүп, анын 85 миң чарчы метри стадионго, 35 миң чарчы метри соода жана оюн-зоок борборуна бөлүнөт.
Күйөрмандар үчүн 1800 унаа токтотуучу жай каралган, ал эми долбоордун кошумча бөлүгү катары токтотуучу жайлардын саны 3000ге чейин көбөйтүлүшү күтүлүүдө. Стадиондун беш кире бериши, үч көзөмөл-өткөрмө пункту жана эки кабат трибуналары болот. Ошондой эле ачык жана жабык VIP-орундар, комментаторлор жана журналисттер үчүн атайын жайлар каралган.
2023-жылдын августунда өлкө башчысы Садыр Жапаров курулуштун символикалык башталышы катары капсула салган. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мындай масштабдуу объектилердин өлкөнүн спортту, туризмди өнүктүрүүгө жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө чоң салым кошо турганын белгиледи.
Ал курулуш нормаларын так сактоо жана белгиленген мөөнөттө сапаттуу жумуштарды бүтүрүү зарылдыгын баса белгиледи.