Сулуулук үчүн тобокел: Бишкек менен Ошто 78 клиника жабылды
Новость

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлгөн кеңири текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 78 жеке клиниканын ишин убактылуу токтотту. Жалпы 117 клиника текшерилип, анын ичинен 37си таптакыр эле лицензиясыз иштеп жатканы, дагы 80 клиникада мыйзам талаптары одоно бузулганы аныкталды.

Лицензиясыз иш жүргүзгөндөрдүн басымдуу бөлүгү стоматология, косметология жана акыркы жылдары кеңири жайылган пластикалык хирургия кызматтарын көрсөткөн. Мындай көмүскө «кызматтардан» ондогон адамдар оор залал тартып, айрым учурларда иш өлүм менен да аяктаган.

Жабыркагандардын бири өз башынан өткөн окуясын айтып берди: «Мен бул операцияны сулуулук үчүн эмес, ден соолугума байланыштуу жасаткам. Бирок андан кийин көкүрөгүм туура эмес болуп калып, дарыгер дагы 12 майда шишик пайда болгонун айтты. Эми кайрадан операцияга туура келет…»

Саламаттык сактоо министрлиги мындай көйгөйгө негизинен кыска окуу курстарын бүтүрүп алып «кесипкөй» болуп чыга келген адистер себепкер экенин белгилейт. Мыйзам бузгандарга карата чаралар күчөтүлүп, эми жеке жактар үчүн айып пул 7 миң сомдон 50 миң сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 100 миң сомго чейин көбөйдү. Эгер бейтапка зыян келтирилсе, иш сотко өтүп, укук коргоо органдары карайт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз ишмердик жүргүзгөн 37 учур боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Министрлик жарандарды сак болууга жана клиника же дарыгерди тандоодо расмий лицензиясына сөзсүз көңүл бурууга чакырат.