30-июлдан 6-августка чейин Бишкекте айрым райондордо ысык суу болбойт
Новость

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 30-июлдан 6-августка чейин жылуулук магистралдарынын белгилүү бир тилкелеринде убактылуу өчүрүүлөр пландаштырылууда.

Бул аралыкта Осмонкул көчөсүндө жайгашкан №3 насостук станциясына курулуп жаткан түтүктөрдү ЗПЗ-I жылуулук магистралындагы түтүктөргө туташтыруу иштери жүргүзүлөт.

Аталган иштерди аткаруу учурунда төмөнкү даректерде ысык суу берүү токтотулат:

  • Чүй проспектиси: №46, 48, 50, 52, 121 (административдик имарат), 123 (медресе), 125;

  • Герцен көчөсү: №95а, 51 (бала бакча);

  • Гоголь көчөсү: №107 (бала бакча), 109, 111, 113;

  • Суюмбаев көчөсү: №18, 73 (РОВД), 80, 123/1;

  • Осмонкул көчөсү: №36 (Улуттук медициналык борбор), 40б (жеке мектеп);

  • Киев көчөсү: №1б, 2б.

Бишкек шаардык мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууну суранат.