Жумгал: Эл аралык Gallops-2025 долбоорунун катышуучулары сапарга чыкты
Новость

 Эл аралык “Gallops Кыргызстан-2025” туристтик долбоорунун катышуучулары бүгүн Жумгалдын Кызарт айылынан Соң-Көлгө сапар алышты. 

Долбоорго Европанын 11 мамлекетинен келген 80ден ашык чабендестер 10 топко бөлүнүп, төрт саатка чукул 40 чакырым жолду ат менен басып өтүшөт. Ал жерде чет элдик саякатчыларга кыргыз маданияты, каада-салттары көрсөтүлүп, улуттук ат оюндары уюштурулат.


Программага ылайык беш күн ичинде алар Соң-Көлдү айланып, жалпы 200 чакырымдан ашык аралыкты багынтышат.

Бул долбоор Борбор Азия боюнча Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Себеби, чет элдик чабандестерге Кыргызстан анын ичинен Теңир-Тоонун Жумгал району аркылуу Соң-Көлдү ат менен айланып өтүүгө ыңгайлуу болгон. Максат- Соң-Көлдү туристтик жай катары чет элдиктерге таанытуу, ат туризминин өнүгүшүнө салым кошуу менен экологияны сактоо.


Долбоордун катышуучулары Кызарт айылына 19-июлда келишкен. Ал жерде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда маданий иш-чаралар уюштурулуп, түндүк көтөрүү салты көрсөтүлгөн. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча спорттун элиталык түрү катары эсептелип, ат менен ойнотулуучу командалык спорттук "поло" оюну ойнотулган.