Чек ара кызматында иштеген офицерлердин маянасы көтөрүлдү
Новость

Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында чек арачыларга кызматтык үйлөрдү тапшыруу аземинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Мамлекеттик чек араны кайтаргандар үчүн татыктуу шарт түзүү — мамлекеттин артыкчылыгы. Чек арачыларды мамлекеттик колдоонун далили катары быйылкы жылдын 1-июлунан баштап офицерлердин эмгек акысын 20 миң сомго көбөйтүү чечими кабыл алынды, октябрь айында аскер кызматчыларынын башка категорияларынын айлык акылары да жогорулайт”, - деди Камчыбек Ташиев.

Бүгүн Тамчы айылында Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн атайын курулган эки көп кабаттуу турак жайдын ачылыш аземи өтүп, 51 аскер кызматкеринин үй-бүлөсү жаңы, ыңгайлуу жана заманбап батирлерге ээ болду.