Жамалбек Ырсалиев УКМКнын убактылуу кармоо жайынан чыгарылды
Новость

УКМКнын маалымат кызматы Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Жамалбек Ырсалиев эч жакка кетпөө жөнүндө колкаттын негизинде убактылуу кармоочу жайдан чыгарылганын бүгүн кечинде билдирди. 

Буга чейин маалымдалгандай, УКМК Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаган. Тактап айтканда Туңгуч кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл бою 4 жеңил тибиндеги коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган. Болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер участогу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз мыйзамсыз ээлеп алынып, пайдаланылган.

 Мындан улам 2025-жылдын 16-июлунда топтолгон материалдардын жана козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев жана В.Н.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

 Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган участокту ижарага берүүдөн алынбай калган пайда түрүндө 2 миллион 979 миң 889 сом өлчөмүндөгү зыяндар аныкталган. Тергөө учурунда Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен төлөп берди.

 Буга байланыштуу 2025-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Жамалбек Ырсалиев жана В.Н.А. эч жакка кетпөө жөнүндө колкаттын негизинде чыгарылды.

 Тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин айыптоо актысы менен кылмыш ишинин материалдары айыпталуучуларга карата акыркы чечимди кабыл алуу үчүн сотко берилет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.