Баткенде облустук прокуратуранын жаңы имаратынын курулушу башталды
Новость

Бүгүн Баткен шаарында облустук прокуратуранын имаратынын курулушуна капсула салуу аземи өттү.

Ага Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов, облус прокурору Абай Молдокматов жана облустук жетекчилер, прокуратура кызматкерлери, куруучулар катышты. Облус башчысы өз сөзүндө бул имараттын пайдубалынын түптөлүшү — өлкөбүздөгү мыйзамдуулуктун жана адилеттиктин бекемделишине арналган маанилүү учур деп белгилеп, имарат - укуктук мамлекеттин бекем пайдубалы катары өлкөбүзгө көп жылдар бою кызмат өтөсүн деген каалоосун билдирди.

Административдик имарат эки кабаттуу болуп, кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Ал республикалык бюджеттин эсебинен курулат, жалпы сметалык баасы 140 млн. сом.

Бул тууралуу бүгүн Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.