Каныбек Туманбаевдин атын жамынуу менен жүз миң доллар алган алдамчы кармалды
Новость

15-июлда УКМК тарабынан өлкө Президентинин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин атын пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны, 1993-жылы туулган К.Ж.Ж. кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, К.Ж.Ж. аттуу жаран Каныбек Туманбаев менен жакын мамиледе экендигин айтып, «Көчмөн сити» турак-жай комплексинин 18 кварталынын курулушуна подряддык жумуштарга уруксат берүүнү убада кылуу менен жабырлануучудан 100 миң АКШ долларын алганы аныкталган.

 Мындан улам К.Ж.Ж.нын кеңсесин текшерүү учурунда 60 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акчалар, ошондой эле Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге жазылган жасалма жазуу түрүндөгү кайрылуулар аныкталып, алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.Ж.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Мында кошумча КЖКнын 233-беренеси (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча да иш каралууда.

 Ошону менен бирге УКМК аталган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо: 0312 620585 байланыш номери боюнча УКМКнын нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.