Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык чечимдер кабыл алынды. Калаа жетекчиси Айбек Жунушалиев эки орун басары - УКМК тарабынан камакка алынган Жамалбек Ырсалиев менен Таалайбек Байгазиевди кызматтан бошотту. Ага кошо бул эки орун басардын кызмат орундары да жоюлду.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаарынын транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча мэрдин орун басарынын милдети Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаевге жүктөлдү. Калаа башчынын отун-энергетика комплекси жана транспорттук тармак боюнча орун басарлык функциясын Отун-энергетикалык комплекс департаментинин директору Нургазы Курманбеков аткарат. Ошентип Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын саны 4кө кыскарды.