Кара-Сууда салыкчылар кармалды
Новость

УКМК Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу алкагында аталган кызматтын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактысын аныктады.

 Тактап айтканда, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысы А.А. менен текшерүү бөлүмүнүн башчысы М.М.С. өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, кыска мөөнөттүн ичинде жеке ишкердик субъектилерине колдоо көрсөтүү үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп, ошондой эле кирешелерди азайтуу жана чыгашаларды көбөйтүү максатында бухгалтердик документтерди бурмалоого көмөктөшкөн.

Ошентип көрсөтүлгөн укукка каршы аракеттер менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Азыркы учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата мындан ары кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.