УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Тактап айтканда, Туңгуч кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл бою 4 жеңил типтеги коммерциялык объект жана бешке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган. Тагыраагы болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер участогу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз мыйзамсыз ээлеп алынып, пайдаланылган.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында Жамалбек Ырсалиев 2020-жылдан тартып Бишкек шаарынын вице-мэри болуп турганда (азыркы учурда Бишкек шаарынын мэринин орун басары) жеке баюу максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, жогоруда аталган коммерциялык объекттерди мыйзамсыз орнотууга колдоо көрсөткөн, алар Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарынын уруксат берүүчү документтери жок иштеген, буга байланыштуу жергиликтүү бюджетке ижара төлөмдөрү түшпөй, олуттуу зыян келтирилген.
Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамынын бул аракеттери Тунгуч кичи районунун жашоочуларынын арасында нааразылыкты жараткан. Ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь райондук муниципалдык администрациясы тарабынан сейил багын жана балдар ойноочу аянтчаны куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылган. Учурда мыйзамсыз иштеп жаткан объекттер демонтаждалып, балдар аянтчасынын курулушу башталды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча бул участокту ижарага берүүдөн алынбай калган пайда түрүндө 2 млн.979 миң 889 сом зыян келтирилген.
2025-жылдын 16-июлунда чогултулган материалдардын жана козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев жана В.Н.А. атуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бир күн мурда, 16-июлда Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү буйруп, аны ыкчам кызматкерлер алып кеткен.