УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү буйруп, аны ыкчам кызматкерлер алып кетти.
Камчыбек Ташиевдин айтымында, Жамалбек Ырсалиев муниципалдык жерди 6 жылдан бери пайдаланып келе жатканы жана ал үчүн ижара акысын да төлөбөгөнү аныкталган. УКМК төрагасы андан ары вице-мэрге байланыштуу дагы башка фактылар териштирилип жатканын, укуктук баа берилерин билдирди.
Жамалбек Ырсалиев Бишкек мэринин транспорт жана жол боюнча орун басарлык кызматына 2024-жылы май айында дайындалган. Ага чейин “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеп турган.
Ага чейин да, 2020-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын вице-мэри болуп кызматка келип, 2021-жылдын июнунда биринчи вице-мэрликке орун которгон. Кийин Бишкектин Биринчи май районунун акими да болуп иштеген.