Cалык кызматы өз алдынча мамлекеттик органга айланды
Новость

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Мамлекеттик салык кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылып, Министрлер Кабинетинин курамына киргизилди. 

Ошондой эле салык кызматына алкоголдук продукциялар менен зер буюмдарын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө функциялары дагы өткөрүлүп берилди. Бул өзгөртүүлөр салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат деп күтүлүүдө. 

Ошол эле убакта, мындай чечим - процесстерди санариптештирүүнү тездетүүгө жана товарларды маркалоону киргизүүгө, спирт жана зергерчилик тармактарын бир ведомствого бириктирүү аркылуу функциялардын кайталануусун кыскартууга, ошондой эле контрабандага жана көмүскө экономикага каршы күрөшүүнү күчөтүүгө багытталган.