Шашылыш билдирүү: Бүгүн кечинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал жүрүшү мүмкүн
Новость

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында күн күркүрөп, катуу шамал жүрүшү ыктымалдыгын эскертти. Маалыматка караганда, түштүк-батыштан жүргөн шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге чейин жетиши мүмкүн.


ӨКМ мындай учурунда коопсуз жайларда болууну, кандайдыр бир чукул кырдаалга туш болосоңуз “112” кызматына токтоосуз билдирүүнү  эскертет. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.