УКМК Билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү учурунда Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу аныкталганын билдирди.
Тактап айтканда, университетке 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу учурунда айрым студенттер сертификаты жок, ЖРТнын төмөнкү босого упайлары менен кабыл алынган. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына жана Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына окууга кабыл алуунун тартибине ылайык, жогорку билим берүү уюмдарына, кесиптик окуу жайларына кабыл алуу тартиби милдеттүү түрдө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мекемелер аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде бюджеттик формада окуган 12 студент чыгарылды.
Учурда университеттин жетекчилиги менен тыгыз кызматташтыкта аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар кызмат адамдары жана башка адамдар аныкталууда.
УКМК билим берүү системасында коррупциялык аракеттерге баргандар, ага катышкандар статусуна жана социалдык абалына карабастан
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет.