Алдамчылык фактысы боюнча курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды
Новость

УКМК тарабынан турак жайларды курууда өлкө мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Президент Садыр Жапаровдун жакын тууганынын атын жамынып алып, 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган «Памир-Строй» курулуш компаниясынын жооптуу адамдарына карата маалыматтар алынган.

 Маалыматка ылайык, 2023-жылы курулуш компанияларынын биринин ээси, КР жараны «М.А.Ш.», жер тилке ээси «К.К.О.» аттуу жаран менен көп кабаттуу турак жай комплексин үлүштүк негизде куруу келишимин түзгөнү аныкталган. Бирок 2024-жылы мамлекеттик органдар тарабынан сот органдарына жер тилкесин мамлекетке кайтаруу жөнүндө доо арыз берилип, мындан улам «К.К.О»го таандык турак жай аянтынын 10 пайыздык бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылган.

 Түзүлгөн кырдаалдан жеке материалдык пайда табууну көздөгөн «М.А.Ш.» жер тилкесине тиешелүү маселелерди биротоло чечүү үчүн өлкө башчынын жакын тууганына берүү зарылдыгын шылтоолоп, «К.К.О.»дон 500 миң АКШ долларын алган.

 Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ал 500 миң доллар акча каражатын алдамчылык жолу менен ээлеп алгандыгы такталып, ал 2025-жылдын 11-июль күнү Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 21-мекемесине камакка алынды.

 Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.