Президент Садыр Жапаров Султан Кермалиевди Балыкчы шаарынын мэри кызматынын бошотту. Өлкө башчынын маалымат кызматы мындай тескемеге Президент 14-июлда кол койгонун, Султан Кермалиев "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 3-бөлүгүнө ылайык иштен алынганын билдирди.
Ушул эле күнү өлкө башчынын дагы бир тескемеси менен Баатырбек Жантаев Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.
36 жаштагы Султан Кермалиев Балыкчынын мэри болуп ушул айдын башында, 2-июлда дайындалган эле. Ал мэрликке келгенден кийин жергиликтүү маалымат каражаттарынын бириндеги маеги интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, сын пикирлерди пайда кылган.