2025-жылдын 10–11-июлунда Евразия экономикалык комиссиясында «Жарандык авиациядагы учкучсуз авиациялык системалар: келечек, чакырыктар жана жөнгө салуу» темасында талкуу өттү.
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча коллегиясынын мүчөсү, министр Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында өткөн бул иш-чарада ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жарандык максаттарда учкучсуз авиациялык системаларды (УАС) колдонуу маселелери, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) эксплуатациялоо коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.
«Глобалдык санариптештирүү шартында жана натыйжалуу логистикалык чечимдерге болгон суроо-талап өсүп жаткан учурда, учкучсуз технологиялар транспорттун коопсуздугун жогорулатууга, чыгымдарды азайтууга жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев бул жыйында.
Тегерек столдун алкагында УАС чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү жөнгө салуу боюнча эл аралык тажрыйба жана таанышуу иштери жүргүзүлдү. Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО), Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) жана Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (ИАТА) өкүлдөрү эл аралык жөнгө салуу боюнча актуалдуу темаларды жана маселелерди сунушташты.
Жыйын соңунда катышуучулардын сунуштарын камтыган резолюция даярдалды. Анда учуулар коопсуздугун камсыздоо жаатындагы нормативдик актыларды шайкеш келтирүү, санариптик технологиялардын, анын ичинде жасалма интеллекттин ролу боюнча сунуштар жана тыянактар каралган.